КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 30-ноябрь 2017-жыл
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 15-октябрындагы № 154 чечиминин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесиндеги кээ бир талапкерлерди алып салуу бөлүгүн жокко чыгаруу жөнүндө
(Баяндамачы – Омуралиев А., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. 2018-жылдын 28 - январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө
(Баяндамачы – Омуралиев А., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл, Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жана КРнын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
(Баяндамачы – Утуров Э.Т., пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмдүн башчысы)
4. 2017-жылдын 23-ноябрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун
Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Омуралиев А., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.С.Чолпонбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
(Баяндамачы – Омуралиев А., шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө
7. Ар түрдүү маселелер