КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 24-май 2018-ж.

Өткөрүү датасы: 24 май 2018-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы


1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
 (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 
2. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
 (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 
4. КР БШКнын 2016-жылдын 14-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси жөнүндө” №210-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
 (Баяндамачы – М.А. Камчибекова, укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы) 
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-июлундагы “Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо” программасы боюнча Байкоо комитетин түзүү жөнүндө” №27 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – Л.А. Кутуева эл аралык кызматташуу бөлүмдүн эксперти) 
6.  Ар түрдүү маселелер

ТӨРАГА