КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 23-октябрь 2018-ж.

Өткөрүү датасы:   23 октябрь 2018-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
 
1. 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жана  Кыргыз Республикасынын саясий партияларынын жана талапкерлердин шайлоо фондунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктоо жөнүндө
 (Баяндамачы – Г.К. Дюшембаева, пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүдүн башчысы)
3. 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
4. 2018-жылдын 2-декабрына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык  кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
5. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүнбашчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бакай-Ата, Талас, Кадамжай, Ысык-Көл , Ак-Суу, Ош, Кара-Суу, Сузак жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
7. Ар түрдүү маселелер
 
ТӨРАГА