КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 2-октябрь 2018-ж.

Өткөрүү датасы:  2 октябрь 2018-ж.
Убактысы: 13:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын мэрин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Чүй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.)
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысынын м.а.) 
3.  Ар түрдүү маселелер

ТӨРАГА