КРнын БШК отурумунун кун тартиби, 13-июнь 2017-жыл

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ

Өткөрүү датасы: 13 -июнь 2017-ж.
Убактысы : 16.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы


1. 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жайыл  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сокулук, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө
 (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Жалал-Абад  облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ыраазычылык грамотасы менен А.Н. Аванесовду сыйлоо жөнүндө
(Баяндамачы – Рыспек к. Кундуз, эл аралык кызматташтык бөлүмдүн башчысы)

7. Ар түрдүү маселелер 

ТӨРАГА