КРнын БШК отурумунун кун тартиби, 6 -июль 2017-жыл

Өткөрүү датасы: 6 -июль 2017-ж.

Убактысы : 16-00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  М. Чолпонбаев ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттоо жөнүндө

(Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, БШКнын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси)

 

2.2017-жылдын 30-июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламедин районунун Таш-Мойнок жана Панфилов районунун Курама айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы

3.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы

4. Ош облусунун Чоң-Алай, Талас облусунун Кара-Буура. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

6. 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө

(Баяндамачы –Н. Ташполотова маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн экспертинин милдетин аткаруучу )

7. Ар түрдүү маселелер

ТӨРАГА