КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 1-ноябрь 2017-жыл

 
Өткөрүү датасы: 1-ноябрь 2017-ж.
Убактысы: 14:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
 
1. 2017-жылдын 26-октябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Кыргыз Респбликасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө
(Баяндамачы – Камчыбекова А., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти )
 
4. Ар түрдүү маселелер
 
ТӨРАГА