КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 26-июль 2019-ж.

Өткөрүү датасы:   26 -июль 2019-ж. 
Убактысы: 11:00 
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. 2019-жылдын 19-июлунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Самарандек айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. 2019-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Жалал-Абад жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө

(Баяндамачы –  Шаршеналы уулу А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)

5. Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

6. 2019-2023-жылдарга КР БШКнын ишмердүүлүгүнүн Стратегиялык планы жөнүндө

(Баяндамачы – Н.К. Шайлдабекова, БШКнын төрагасы)

7. Шайлоо укугунун жана процессинин, шайлоочулардын (референдумдун катышуучуларынын) укуктук жана саясий маданиятын жогорулатуунун актуалдуу маселелерин, шайлоо тутумун реформалоонун натыйжаларын, Кыргыз Республикасынын жарандарынын (жигердүү жана пассивдүү) шайлоо укуктарын ишке ашырууну, Кыргыз Республикасындагы шайлоолордо пайдаланылуучу жол-жоболорду жана технологияларды, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларынын иштерин жалпыга маалымдоо каражаттарында мыкты чагылдыргандык үчүн конкурс тууралуу

(Баяндамачы –  С.Байтикова, маалыматтык бөлүмдүн башчысы)

8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 30 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү жөнүндө

(Баяндамачы –  А.Г. Бекматов, Жумушчу топтун жетекчиси)

9. Ар түрдүү маселелер

Төрага