КРнын БШК отурумунун күн тартиби, 12-февраль 2018-жыл

Өткөрүү датасы: 12 февраль 2018-ж. 
Убактысы: 15:00 
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. 2018-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Темир айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

 (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмүнүн башчысы)

4. Ар түрдүү маселелер

ТӨРАГА