Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын КҮН ТАРТИБИ
өткөрүү датасы: 2012-жылдын 7-февралы
убактысы: 11.00
өткөрүлүүчү жери: жыйындар залы
1. Нарын облусунун Жумгал, Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын, Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын,Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
(Баяндамачы Б.С.Исаков, Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
2. Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө.
(Баяндамачы Б.С.Исаков, Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
3. 2012-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формаларын жана коргоо даражасын бекитүү жөнүндө.
(Баяндамачы Ж.А.Оморов, Шайлоо технологиялар жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары)
Аппарат жетекчиси М.С. Султанов