КРнын БШК отурумунун кун тартиби, 13 -ноябрь 2016-жы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН

КҮН ТАРТИБИ

Өткөрүү датасы: 2016-жылдын 13-ноябры

Убактысы : саат 14.00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1.  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 102 “Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусун уюштуруу жөнүндө” Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы “2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” № 187 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө шайлоо комиссиялар тарабынан добуш берүүнү уюштуруу, добуш берүүнүн тартибин жана добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо жөнүндө

(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

4.  “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө”  Жобону бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – – К.А. Абдилатов, маалыматтык шайлоо системасы боюнча бөлүмдүн башчысы)

5. Чүй жана Нарын облустарынын кээ бир шайлоо участкаларынын жайгашкан ордун өзгөртүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

6. Жалал-Абад облусунун Чаткал, Базар-Коргон,  Нарын облусунун          Ат-Башы, Баткен облусунун Лейлек,  Чүй облусунун Панфилов, Москва  аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

7. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын “Бош калган депутаттык мандаттарды Бишкек шаардык кеңешинин шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү” 2016-жылдын   6-ноябрындагы №11, 11-ноябрындагы №14/15чечимдерин бекитүү тууралуу

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

8. “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Сатар уулу Кайыпбекти чыгаруу жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

9. “Референдумдагы үгүт топторуна мамлекеттик ММКлардын басылмаларында жана каналдарында  акысыз обо убактыны, басылма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчкулак өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускаманы бекитүү тууралуу

(Баяндамачы – Б.С. Жумагулов, Жумушчу топтун мүчөсү)

10. Ар түрдүү маселелер.

 

ТӨРАГА