Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын К ҮН ТАРТИБИ
өткөрүү датасы: 2011-жылдын 19-июлу
убактысы:15.00
өткөрүлүүчү жери: жыйындар залы
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Э.Осмоновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(Баяндамачы Ж.А.Акматов, КР БШКнын мүчөсу, Жумушчу топтун жетекчиси)
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(Баяндамачы Ж.А.Акматов, КР БШКнын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси)
3.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А.Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
(Баяндамачы Ж.А.Акматов, КР БШКнын мүчөсү,Жумушчу топтун жетекчиси)
4.”Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайлоонун даярдыгы жана өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу маселелери боюнча шайлоочуларды кабарландыруу үчүн Жумушчу тобу жөнүндөгү” жобону бекитүү жөнүндө
(Баяндамачы Ж.Б.Бапанова, КР БШКнын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси)
5.”Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топ жөнүндөгү” жобону бекитүү
(Баяндамачы Н.А.Ашимов,КР БШКнын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси)
6.Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди тандоо үчүн чүчүкулак өткөрүү боюнча аймактык Комиссияны түзүү жөнүндө
(Баяндамачы М.С.Темиров,уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)