КРнын БШК отурумунун кун тартиби, 28-октябрь 2016-жыл

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН

КҮН ТАРТИБИ

Өткөрүү датасы: 2016-жылдын 28-октябры

Убактысы : саат 16.00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын Календарлык планын бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

2. Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө

(Баяндамачы – Э.Т. Утуров, пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы)

3. “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен Нуркулов Уланбек Калдаровичти чыгаруу жөнүндө

(Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)

4. Ар түрдүү маселелер

 

ТӨРАГА