Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары К.Камп менен жолугушту
20.05.2025

КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары К.Камп менен жолугушту

Бүгүн, 2025-жылдын 20-майында, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчык Шайназаров ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кристоф Камп менен жолугушту. Жолугушууга  ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссарынын улук кеңешчиси Петер Надерер, Борбор Азия жана Кавказ аймагындагы УАЖК долбоорлорунун жетекчиси Эдин Элгсэтер, ЕККУнун Бишкек шаарындагы долбоорлорду координациялоо боюнча ассистенти Гүлжан Ермекбаева, БШКнын төрага орун басары Нурлан Койчукеев жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссар Кристоф Камп Кыргыз Республикасында улуттук азчылыктардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана аларды шайлоо процессине тартуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга кызыгуусун билдирди. КР БШКнын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ар бир жаран тегине, жынысына, расасына, улутуна, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, диний ишенимине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого жана шайланууга укуктуу экенин билдирди. Төрага КР БШК тарабынан жарандардын шайлоого, шайлоочу жана талапкер катары эркин жана тоскоолдуксуз катышуусун камсыздоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жатканын баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууга ачык экенин жана мындан аркы тыгыз иштешүүгө даяр экенин билдиришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 19 майындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
19.05.2025

КР БШКнын 2025-жылы 19 майындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 19 майы Убактысы: 12:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Өзгөн, Ноокат жана Манас аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Кожокеева М.Д. шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы). 2. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Темирканова Т.Э. , шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү тынчтык жана өнүгүү боюнча Стокгольм 2025 форумуна катышты
18.05.2025

КР БШКнын өкүлдөрү тынчтык жана өнүгүү боюнча Стокгольм 2025 форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын делегациясы тынчтык жана өнүгүү маселелери боюнча Стокгольм - 2025 форумуна катышып, “Ынтымак жумалыгын” өткөрүүнүн уникалдуу тажрыйбасын – тынчтыкты жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөө жаатындагы улуттук демилгени тартуулады. Форум 2014-жылдан бери жыл сайын Стокгольмдагы тынчтык маселелерин изилдөө боюнча эл аралык институту (SIPRI) тарабынан уюштурулуп келет. Иш-чара Фольке Бернадотт академиясы (FBA) жана Швециянын эл аралык өнүктүрүү боюнча кызматташтык агенттиги (Sida) менен өнөктөштүктө өткөрүлөт. Стокгольм форуму — бул глобалдык көйгөйлөрдү жана тынчтыкты орнотуу боюнча чечимдерди талкуулоого арналган эксперттерди, саясатчыларды, эл аралык уюмдардын, илимий чөйрөнүн, бизнес жана жарандык коомдун өкүлдөрүн бириктирген абройлуу эл аралык платформа. 2025-жылы форумга 70тен ашык өлкөдөн атайын делегаттар чогулган. Курамына мамлекеттик түзүмдөрдүн, жарандык коомдун, жаштардын жана бизнестин өкүлдөрү кирген кыргыз делегациясы PeaceNexus Фондунун колдоосу менен SIPRI тарабынан чакырылган. Делегациянын курамында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлшаркан Култаева жана Жарандык билим берүү борборунун директору Айсулуу Букамбаева болуп, алар өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Форумдун алкагында төмөнкү темалар боюнча мазмундуу талкуулар өттү: куралдуу жаңжалдарды алдын алуу, климаттык өзгөрүүлөр жана тынчтыкты орнотуу, аялдардын жана жаштардын тынчтык куруу процессине катышуусу, жасалма интеллекттин коомдун туруктуулугуна тийгизген таасири, дезинформация жана шайлоолор, медиация жана менталдык саламаттыкты өнүктүрүү, тынчтык жана өнүгүү маселелерине инклюзивдүү мамиле кылуу Кыргызстандын «Ынтымак жумалыгы» демилгеси форумдун катышуучулары арасында чоң кызыгууну жаратты. Бул демилге коомдун бардык катмарларынын катышуусу менен диалог жана кызматташтык аркылуу тынчтыкты чыңдоонун ийгиликтүү жергиликтүү ыкмасы катары бааланды. Уюштуруучулар Ынтымак сыяктуу креативдүү жана тармактар аралык демилгелердин коопсуз жана туруктуу келечекти куруунун маанисин белгилешти. Маалымат үчүн: “Ынтымак Жумалыгы" — Кыргызстанда 2023-жылдан бери ар жылы сентябрда өткөрүлүп келе жаткан демилге. Бул платформа Женева тынчтык апталыгы жана Базель тынчтык форуму сыяктуу эл аралык тажрыйбалардан шыктанган. Иш-чаранын уюштуруучусу — Тынчтык куруу хабы. Анын курамына төмөнкү уюмдар кирет: PeaceNexus, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, БУУ Аялдар, ACTED, Search for Common Ground, International Alert, Saferworld. Башкы багыттар: Табигый ресурстарды натыйжалуу башкаруу жана климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу Коомдук ынтымак жана тилектештик Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу тынчтыкты орнотуу Тынчтык үчүн калыс жана натыйжалуу мамлекеттик башкаруу
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жамааты Күнболот Момоконовго терен кайгыруу менен көңүл айтат
15.05.2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жамааты Күнболот Момоконовго терен кайгыруу менен көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы Күнболот Момоконовго апасы Зууракан Момоконованын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Орду толгус оор жоготуу кайгысын тең бөлүшөбүз. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасынын биринчи жыйынына катышты
14.05.2025

КР БШКнын төрагасы Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасынын биринчи жыйынына катышты

КР БШК төрагасы Т.Шайназаров Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасынын биринчи жыйынына жана “Түрк дүйнөсү: шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн салттары, практикасы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. 14-май күнү Түркстан шаарында, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасы тууралуу Жобого кол коюу аземи болуп өттү. Кол коюу аземине Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын шайлоо комиссияларынын жетекчилери катышты. Эл аралык илимий-практикалык конференцияда ““Түрк дүйнөсү: шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн салттары, практикасы жана келечеги” темасынын алкагында БШК төрагасы Т.Шайназаров Кыргызстандагы шайлоо системасын демократиялаштырууга багытталган реформалар тууралуу маалымат берди. Бул реформалардын негизинде шайлоолордун ачык-айкындуулугу жана ишенимдүүлүгү камсыз болду. “Бир шайлоочу – бир добуш” принциби ишке ашырылды. Шайлоо процесстерин өркүндөтүү багытында бардык жарандар үчүн коомдук-саясий турмушка тең укуктуу катышуусун камсыздоого багытталган чаралар ишке ашырылып жатат. Шайлоо мыйзамдарында милдеттүү квоталардын киргизилиши аялдардын, жаштардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын, талапкерлердин жана шайланган депутаттардын курамындагы өкүлчүлүгүн жогорулатууга шарт түздү. Бул багыттар мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары бойдон калууда жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгүндө чагылдырылууда. Мындан тышкары, КР БШК төрагасы Казакстан Республикасынын БШК төрагасы Н.Абдиров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда шайлоо органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, биргелешкен эл аралык долбоорлор жана демилгелер талкууланды. Маалымат үчүн: Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасын түзүү демилгесин Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев көтөргөн. 2024-жылдын 6-ноябрында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммитиндеги Бишкек Декларациясына ылайык, Консультативдик платформа шайлоо органдарынын ортосундагы үзгүлтүксүз кеңешүүлөрдү жана кызматташууну камсыздоо үчүн түзүлгөн. Платформанын курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын шайлоо комиссиялары кирет.
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Талас шаардык, Талас жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү Бекенова Гулира Барпыбековнага апасынын мезгилсиз дүйнѳдѳн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат
12.05.2025

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Талас шаардык, Талас жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү Бекенова Гулира Барпыбековнага апасынын мезгилсиз дүйнѳдѳн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты Талас шаардык, Талас жана Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү Бекенова Гулира Барпыбековнага апасы Бекенова Джумагул Орозбаевнанын мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат. Оор жана орду толгус жоготуунун азасын кошо тартып, кайгыңызды тең бөлүшөбүз. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК  кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктайт!
09.05.2025

КР БШК кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктайт!

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери! Кадырлуу кыргызстандыктар! Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү -  баарыбызды кубанычка бөлөгөн улуу майрам. Согуштун каардуу жылдарында анын баардык кыйынчылыктарын башынан өткөрүп, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, Улуу Жеңиш үчүн кан майданга аттанган жана оорукта күн-түн дебей эмгектенген ата-апаларыбыздын эрдиктери менен ар дайым сыймыктанып келебиз. Сиздердин кайратмандыгыңыздар менен эмгегиңиздер бүгүнкү биздин бейпил жашообуздун пайдубалы болуп, 80 жылдан бери тынчтыкта жашап,  мамлекетибизди ар тараптуу чыңдап келе жатабыз. Ал үчүн сиздерге терең таазим этебиз.  Жеңиш үчүн күрөшкөн баатырлардын жаркын элеси, тылдагы эмгекчилердин талыкпаган аракети муундан-муунга даңкталып, журөгүбүздө түбөлүк сактала берет. Ардактуу ардагерлер! Кадырлуу мекендештер! Сиздерге бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайбыз. Кыргызстанда дайыма тынчтык өкүм сүрүп, элибиздин биримдиги чыңдалып, мамлекетибиз гүлдөп өсө берсин. Улуу Жеңиш майрамыңыздар куттуу болсун!
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайбыз!
05.05.2025

Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди өлкөбүздүн баш мыйзамы — Кыргыз Республикасынын Конституциясы күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт! Конституциябыз эгемендүүлүк менен көзкарандсыздыкты бекемдеп, адам укуктары менен эркиндиктерин жогорку баалуулук катары таанып, демократиялык, укуктук, унитардык жана социалдык мамлекеттин пайдубалын түздү. Ал адилеттүүлүктүн жана эл бийлигинин негизин түзөт. Конституция Кыргыз Республикасынын эли мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы экенин жана бул бийликти шайлоо, референдум аркылуу, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу ишке ашырарын аныктап берди. Ошондой эле, Конституция демократиялык шайлоо системасынын негиздерин түптөп, шайлоолорду эркин, жалпыга бирдей, түз жана жашыруун добуш берүү жолу менен өткөрүүнү караган. Жүргүзүлгөн шайлоо реформасынын алкагында жарандардын Конституция менен кепилденген эркин билдирүүсүнө шарт түзүлдү — бул өлкөбүздүн демократиялык өнүгүүсүндөгү маанилүү жетишкендик болуп саналат. Борбордук шайлоо комиссиясы мындан ары да Конституциянын жоболорун жана жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Урматтуу мекендештер! Конституцияда жарыяланган жалпы улуттук баалуулуктарды жана принциптерди ар дайым урматтап, сактоо — ар бир жарандын жарандык парзы. Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык, ынтымак жана бардык иш-аракеттериңиздерде ийгиликтерди каалайбыз! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30.04.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 30-апрелиндеги жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Кулжа, Кара-Балта, Сокулук, Кемин жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Төмөндөгү депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары тизмедеги кийинки талапкерлерге өткөрүлүп берилди: Кара-Кулжа районунун Алайку айылдык кеңешинен Таалайбек уулу Камбардын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Кожобаев Асанбек Токтогуловичке өткөрүлүп берилди. Кара-Балта шаардык кеңешинин “Ишеним” депутаттык фракциясынан Тохтыев Нурмухамат Элахуновичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Баратов Эрик Керимбековичке өткөрүлүп берилди. Сокулук районунун, Сары-Өзөн айылдык кеңешинен Чомоков Жанжалбек Сатаркуловичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Бекболотова Асель Асанжановнага өткөрүлүп берилди. Кемин районунун, Чым-Коргон айылдык кеңешинен Кабаев Алтынбек Аскаровичтин ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Төлөгөнов Таалайбек Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди. Кызыл-Кыя шаары шаардык кеңешинен “НДПК” депутаттык фракциясынан Алимбекова Тахмина Жусуповнанын ыйгарым укуктары токтотулуп, анын мандаты - Кулматова Калдык Калмурзаевнага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Дагы бир жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды
30.04.2025

Дагы бир жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды

2025-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун, Аксы районунун Кара-Камыш айылдык аймагынын Кара-Жыгач айылында жарандык жана санариптик билим берүү борбору ачылды. Борбордун ачылышына Борбордук шайлоо комиссиясынын Аксы аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү К.Ж.Шадыбеков, Аксы районунун акиминин орун басары А.П. Салиева, Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Султанмуратов жана аталган айыл аймагынын тургундары катышты. Борбордун ачылышында Борбордук шайлоо комиссиясынын Аксы аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү К.Ж.Шадыбеков 2022-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин көмөгү менен ишке кирген “Аймактардагы жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоору тууралуу айтып берди. Бул долбоор Борбордук шайлоо комиссиясынын, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана СӨМ аймактарда жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун биргелешкен демилгеси болуп саналат. Буга чейин республика боюнча 76 жарандык жана санариптик билим берүү борбору иштеп келген болсо, бүгүнкү күндө дагы бир борбордун ачылышы менен  республика боюнча жарандык жана санариптик билим берүү борборлордун саны 77 болду. Алар китепканаларда, жаштар борборлорунда, маданият үйлөрүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарында жайгашкан. Борбордун иши жарандардын бардык категорияларына, анын ичинде карылар, жаштар, аялдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн атайын программаларга багытталган. Борбор жарандык жана санариптик тармактарда кеңири темалардын үстүндө иштейт. Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун ачылышы Кара-Камыш айылдык аймагы үчүн маанилүү окуя болду. Бул тургундарга жаңы көндүмдөрдү жана билимдерди алууга гана мүмкүндүк бербестен, ар кандай тармактардагы өкүлдөрдүн ортосундагы тажрыйба алмашуу жана өз ара кызматташууга дагы бир катар мүмкүнчүлүктөрдү берет. Жарандык жана санариптик билим берүү борбору төмөнкү даректе жайгашкан: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кара-Камыш айыл өкмөтү, Кара-Жыгач айылынын китепканасы (Ф3).  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылы 30 апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
30.04.2025

КР БШКнын 2025-жылы 30 апрелиндеги өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын _-апрели Убактысы: 9:30 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кара-Кулжа, Кара-Балта, Сокулук, Кемин жана Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу  (баяндамачы – Кожокеева М.Д, шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).  
Кененирээк билүү >>
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
28.04.2025

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул конституциялык Мыйзамдын максаты “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемин “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамыныны 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоонун мөөнөттөрүн тактоо болуп саналат. Ушуга байланыштуу, конституциялык Мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалган: “1. Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин шайланган ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат.” Мындан тышкары, бул конституциялык Мыйзам “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 50-беренесинин 3-бөлүгүнүн ченемин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинин 1-бөлүгүнүн президенттик шайлоого катышууга талапкердин жаш курагына байланыштуу ченемине ылайык келтирүү максатында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Буга байланыштуу, конституциялык Мыйзамдын 50-берененин 3-бөлүгүндө “35 жаштан төмөн эмес” деген сөздөр “добуш берүү күнүнө карата 35 жашка чыккан,” деген сөздөргө алмаштырылган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү
26.04.2025

КР БШК шаарды көрктөндүрүү боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү

Бүгүн, 2025-жылдын, 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү. БШКнын аппаратынын кызматкерлери Чоң Чүй каналынын (БЧК) боюндагы Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки (түштүк тарабы) белгиленген тилкеде ишембилик өткөрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө, ал аймак катуу таштандылардан, кургак бутактардан, желим идиштерден жана башка калдыктардан тазаланды. Ишембиликке БШКнын 31 кызматкери катышты. Мындай иш-чараларды өткөрүү борбор калаадагы санитардык абалды жакшыртууга жана айлана-чөйрөгө камкордук мамиле түзүүгө өбөлгө түзөт. Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 2025-жылдын 15-мартынан 17-майына чейин шаарды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык ишембилик иш-чарасы өтүүдө.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКда жумушчу топтун жыйыны болуп өттү
25.04.2025

КР БШКда жумушчу топтун жыйыны болуп өттү

2025-жылдын 25-апрелинде Гүлшаркан Култаеванын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Бириккен Улуттар Уюмунун Миссиясынан келген сунуштарды ишке ашыруу алкагында, 2026-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жана 2027-жылы президенттик шайлоону даярдоодо КР БШКга колдоо көрсөтүү боюнча жумушчу топ төмөнкү үч негизги багытты талкуулады: • Жарандык билим берүү чараларын ишке ашыруу; • Шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу; • Шайлоо мезгилинде тынчтыкты жана объективдүү маалыматтык чөйрөнү түзүү аракеттерин күчөтүү; Жумушчу топтун мүчөлөрү ар бир багыт боюнча пикирлерин жана сунуштарын билдиришти, ошондой эле сунушталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдарды макулдашышты.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жетекчилиги жана кызматкерлери Улуттук тазалык күнүнүн алкагындагы ишембиликке катышты
19.04.2025

КР БШКнын жетекчилиги жана кызматкерлери Улуттук тазалык күнүнүн алкагындагы ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-апрелде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү жана Борбордук аппараттын кызматкерлери Улуттук тазалык күнүнө карата өткөн жалпы республикалык ишембиликке катышты. Ишембилик учурунда мамлекеттик жаратылыш паркы болгон "Ала-Арча"дан тартып Кашка-Суу айылына чейинки аймак катуу тиричилик калдыктарынан жана таштандылардан тазаланды. Бул иш-чара туруктуу тазалыкты сактоого чоң салым кошту. Маалым болгондой “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгына ылайык, Кыргызстанда жылына эки жолу — апрелде жана сентябрда — ишембиликтер өткөрүлөт.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын  курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
18.04.2025

КР БШК Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 18-апрелиндеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан Өзүбекова Надира Молдобековнаны өз арызынын негизинде курамдан чыгарып, анын ордуна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Турусбекова Аида Темирбековнаны резервден комиссиянын курамына киргизди.
Кененирээк билүү >>
1 … 53 55 … 482