Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШга мүчө мамлекеттердин БШКларынын Консультативдик кеңешинин 6-жыйынына онлайн форматта катышты
Бүгүн, 30-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШга мүчө мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин Консультативдик кеңешинин Алтынчы жыйынына онлайн форматта катышты.
Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров Кыргызстандагы негизги шайлоо окуялары тууралуу маалымат берди.
Ал белгилегендей, 25-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши VII чакырылыштын депутаттарынын өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алган. Анын негизинде, 30-сентябрда, өлкө Президенти Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2025-жылдын 30-ноябрына дайындоо тууралуу Жарлык чыгарды.
«Ушуга байланыштуу БШК шайлоого даярдык көрүүгө киришти. Шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөндүктөн, шайлоо жараянынын мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскартылат. Бул бизден өзгөчө уюшкандыкты, так координацияны жана жогорку кесипкөйлүктү талап кылат. Азыркы өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 30 көп мандаттуу шайлоо округунан ар биринен үчтөн депутаттан - мажоритардык система менен шайланат. Бул модель талапкерлер менен шайлоочулардын байланышын жакшыртып, келечектеги депутаттардын өз шайлоочуларына жоопкерчилигин арттырат», - деп айтты БШК төрагасы.
Ал ошондой эле алдыдагы шайлоодо аралыктан добуш берүү колдонуларын өзгөчө белгиледи.
«Бул чечим шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ар кандай себептер менен өзүнүн туруктуу катталган жериндеги шайлоо участогуна келе албай калган жарандар үчүн кошумча мүмкүнчүлүк түзөт. Биз үчүн негизги артыкчылык - добуш берүүнүн купуялуулугун камсыз кылуу, процедуралардын ачыктыгы жана жыйынтыктын тууралыгы. Жарандардын шайлоо процессине болгон ишенимин биринчи кезекте ачыктыктын өзү калыптандырат. Ошондуктан БШК өлкөнүн бардык аймактарында ири масштабдуу маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын жүргүзүп жатат. Биздин максат - ар бир жаранга негизги принципти жеткирүү: «бир шайлоочу – бир талапкер – бир добуш», - деп баса белгиледи Тынчтык Шайназаров.
Ал 2026-жылдын сентябрында Консультативдик кеңешке төрагалык Кыргызстанга өтөрүн эске салып, кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин тастыктап, жыйынга катышкан тараптарга ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.
Белгилей кетсек, төраганын орун басары Нурлан Койчукеев Консультативдик кеңештин ишине Казакстанда катышууда.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 30 - сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 30 сентябрь 2025-ж.
Убактысы: 18:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
2. Шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун тексти жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнүн багыттарын бөлүштүрүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтиев З.К., Укуктук, иш кагаздарын жүргүзүү жана кадрларды камсыздоо башкармалыгынын башчысы)
4. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо комиссиялары берүүчү күбөлүктөрдүн формаларын бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Талаа, Жайыл, Сүлүктү,
Кара-Кулжа жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Чүй районундагы жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айрым шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
8. Алай жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
9. Бишкек жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., Шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2025-жылдын 30-ноябрына дайындады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 84-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык токтом кылынды:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо (мындан ары – шайлоо) 2025-жылдын
30-ноябрына, жекшембиге дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
1) шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун;
2) шайлоодо аралыктан добуш берүүнү колдонсун.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн;
2) шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту,
жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;
3) Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн
анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн;
4) шайлоочуларды реалдуу убакыт режиминде (онлайн) идентификациялоо системасын өркүндөтүүнү, ошондой эле байланыш каналдарын уюштурууну жана иштешин камсыз кылсын;
5) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун камсыз
кылууда, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалымат алмашууда, ошондой эле мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн
үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдары менен камсыз кылууда
көмөк көрсөтсүн;
6) добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
7) шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо
комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине көмөк көрсөтсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун муктаждыктарды баалоо Миссиясы менен жолугушту
Бүгүн, 29-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (БДИПЧ ОБСЕ) муктаждыктарды баалоо Миссиясы менен жолугушту.
Жолугушууга бюронун шайлоо маселелери боюнча улук кеңешчиси Лусине Бадалян, шайлоо маселелери боюнча кеңешчи жана КР боюнча жооптуу кызматкери Елена Ковалева, ошондой эле БШК Аппаратынын кызматкерлери катышты.
Тынчтык Шайназаров Миссиянын өкүлдөрүн жылуу тосуп алып, БШК кызматташууга ачык экендигин белгиледи жана шайлоону баалоо боюнча кызматташуу бардык кызыкдар тараптар үчүн пайдалуу болооруна ишеним билдирди.
Өз кезегинде Лусине Бадалян Миссия Кыргызстанга алдын ала шайлоо чөйрөсүн жана даярдык иштерин баалоо үчүн келгендигин билдирди. Ал шайлоо мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен кыска убакытта мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоолорго даярдыктын жүрүшүнө, шайлоо комиссияларынын ишмердигине, жарандарды добуш берүүнүн жаңы тартиби боюнча маалымдоого, ошондой эле шайлоо жабдыктарынын жана программалык камсыздоонун техникалык даярдыгына кызыкты.
Тынчтык Шайназаров учурдагы шайлоо тутуму өлкөнүн бардык аймактарынан - райондордон, шаарлардан жана айылдардан депутаттардын кеңири өкүлчүлүгүн камсыз кылаарын баса белгиледи. Ал кеминде 30 депутат Жогорку Кеңеште бир жыныстагы өкүлдөр болорун, ал эми аралыктан добуш берүүнү киргизүү ар бир жарандын кайсы жерде жүргөнүнө карабай шайлоого катышуу конституциялык укугун камсыз кылаарын белгиледи.
«Биз толук уюштуруучулук даярдыктабыз жана графикке ылайык иш алып барып жатабыз. Максатыбыз - ар бир жаран өзүнүн добуш берүү укугун эркин ишке ашыра ала турган шарттарды түзүү. Шайлоочулар үчүн эч кандай бюрократиялык тоскоолдуктар болбошу керек», - деди БШК төрагасы.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним артышты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Чыдыев Алмаз Болотовичке көңүл айтат
Көңүл айтуу!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы борбордук аппараттын айдоочу кызматкери Чыдыев Алмаз Болотовичке атасы Чыдыев Болоттун 67 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын мүчөсү Бахадыр Конуров Молдовадагы парламенттик шайлоону мониторинг жүргүзүүгө катышууда
КР БШК мүчөсү Бахадыр Конуров бүгүн, 28-сентябрда өтүп жаткан Молдова Республикасынын парламенттик шайлоосуна мониторинг жүргүзүүгө катышууда.
Шайлоо алдында эл аралык байкоочулар үчүн брифинг болуп өтүп, анда Молдова Республикасынын БШК төрайымы Анжелика Караман шайлоого даярдыктын жүрүшү, парламенттин депутаттарын шайлоо тартиби, шайлоо комиссияларынын иши, эл аралык байкоочулардын жана чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу тууралуу маалымат берди.
Шайлоону уюштурууну жана өткөрүүнү 38 округдук шайлоо комиссиясы жана 2274 участоктук шайлоо комиссиясы иш алып барууда. Аалардын ичинен 301 участкасы чет өлкөлөрдө ачылган, 4 участок почта аркылуу добуш берүүгө арналган.
Шайлоочулардын тизмесине 2 751 105 жаран киргизилген. Шайлоону 58 өлкөдөн келген 912 эл аралык байкоочулар көзөмөл жүргүзүүдө. Шайлоого 23 саясий партия катышууда.
Байкоочулар шайлоо участкаларына барышып добуш берүү процессин көзөмөлдөшөт жана добуштарды эсептөөгө мониторинг жүргүзүүгө катышат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы билим берүү кызматкерлеринин шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилейт
Буга чейинки өткөн шайлоолордо саламаттык сактоо, маданият жана билим берүү тармагынын кызматкерлери шайлоо комиссияларынын курамында жигердүү иштеп, чоң салымын кошуп келишкен.
Алсак, өлкө боюнча 2492 шайлоо участкасында иштеген 24 995 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ичинен 15 496сын мугалимдер түзөт (63% жакын). Ошондой эле 1 655 шайлоо участкалары республиканын орто мектептеринде жайгашкан.
Бирок акыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин айрым райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектеп директорлору мугалимдерди шайлоо комиссияларынын курамынан негизсиз чыгарып жатканы тууралуу маалыматтар БШК мүчөлөрүнүн жер-жерлердеги жолугушуулары учурунда белгилүү болду.
Борбордук шайлоо комиссиясы баса белгилейт - мугалимдерди шайлоо процессине тартуу талапкерге үгүт жүргүзүү же байкоочу болуу үчүн эмес, уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн зарыл.
Алардын көп жылдык тажрыйбасы жана жоопкерчиликтүү мамилеси алдыдагы масштабдуу шайлоо өнөктүгүн кынтыксыз жана сапаттуу өткөрүүгө чоң жардам берет.
Ушуга байланыштуу БШК билим берүү кызматкерлеринин шайлоо иштерине кошкон салымын жогору баалап, аймактардагы жетекчилерди мугалимдерге негизсиз тоскоолдук жаратпоого чакырат.
Кененирээк билүү >>
БШК мектеп президентинин шайлоосун өткөрүүдө “Маариф” билим берүү комплекси менен усулдук жактан кызматташты
КР БШКсына “Маариф” билим берүү комплекси кайрылып, мектеп президентинин шайлоосун уюштурууда усулдук жардам көрсөтүүнү суранган.
Бул кайрылуунун алкагында 2025-жылдын 26-сентябрында БШКнын өкүлдөрү билим берүү мекемесине барып, окуучулар үчүн маалыматтык-агартуу иш-чарасын өткөрүштү.
Анын жүрүшүндө окуучуларга добуш берүүнү уюштуруу тартиби, шайлоо процессинин негизги принциптери, ошондой эле шайлоонун ачык-айкындыгы менен адилеттүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгү тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди.
Окуучулар “депутат” түшүнүгү, талапкерлерге коюлуучу талаптар жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин курамы кандайча түзүлөрү тууралуу маалымат алышты.
Ошондой эле, чыныгы шайлоолордо колдонулуучу заманбап шайлоо жабдууларынын иштөө тартиби көрсөтүлдү.
БШКнын өкүлдөрү баса белгилегендей, келечектеги шайлоочулар катары окуучулар бүгүнтөн тартып түшүнүшү керек - ар бир добуш маанилүү, ал эми жарандардын шайлоого активдүү катышуусу демократиянын негизин түзөт.
Теориялык бөлүктөн кийин окуучулар алган билимин практика жүзүндө бекемдеп, мектеп президенти үчүн добуш берүү жараянына катышышты.
Мындай иш-чаралар өсүп келе жаткан муундун демократиялык жараяндар боюнча туура түшүнүк калыптандыруусуна жана ар бир жарандын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгүн аңдоосуна өбөлгө түзөт.
Кененирээк билүү >>
Жумгал районундагы № 4115 жана Кочкор районундагы № 4138 шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн 2025-жылдын 26-сентябрындагы жыйынында Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4115 шайлоо участогунун жана Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагындагы № 4138 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун, Жумгал районунун Чаек айыл аймагындагы № 4115 шайлоо участогунун дареги Э. Матыев көчөсү 2 дарегинен Э. Матыев көчөсү 45, Чаек айыл өкмөттүн имаратына, Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагындагы № 4138 шайлоо участогунун дареги Теңдик айылынын Т. Усубалиев көчөсү, 30 дарегинде жайгашкан үрөөнчүлүк чарбасынын имаратынан Кочкор айылынын С. Алиев көчөсү, 103 дарегинде жайгашкан Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү.
Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы Чаек айыл өкмөтү менен биргеликте, Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы Ормон-Хан айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
БШК мүчөлөрү өлкө аймактарындагы жолугушууларын жыйынтыкташты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү бүгүн, 26-сентябрда, өлкөнүн аймактарындагы калк менен болгон жолугушууларын жыйынтыкташты.
Бүгүн БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев Талас облусунун Манас, Бакай-Ата жана Айтматов райондорунда, БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Ош облусунун Ош шаарында жана Ноокат районунда, ошондой эле Акбалык Жумалиева Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жана Майлуу-Суу шаарында жолугушууларды өткөрдү.
Эскерте кетсек, 22-сентябрдан 26-сентябрга чейин Кыргызстандын бардык аймактарында жолугушуулар өтүп, анда жарандарга «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр түшүндүрүлдү.
Жолугушууларда өзгөчө көңүл аралыктан добуш берүүнүн тартибин түшүндүрүүгө, ошондой эле «бир шайлоочу – бир талапкер – бир добуш» эрежесине бурулду.
Жолугушууларга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, аксакалдар кеңештери, жаштар жана аялдар кеңештери, активдүү тургундар катышышты.
Орточо алганда жолугушууларга жайгашкан жерине жараша 50дөн 400гө чейин адам катышты.
Мындан тышкары, маалыматтык-түшүндүрүү иштери жер-жерлерде дагы улантылат. Жакынкы убакта БШКнын атайын өкүлдөрү айылдык аймактардын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, ар бир шайлоочуга шайлоонун жаңы эрежелери жана өткөрүү тартиби тууралуу маалымат берүүнү камсыздашат.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
Бүгүн, 26-сентябрда КР БШК Кемин, Токтогул, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү, ошондой эле Токтогул районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерди талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитти.
Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:
Кемин районунун Орловка шаардык кеңешинин депутаты Р.К.Казбековдун (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты А.К.Дюшалиевге (“Ынтымак”саясий партиясы) берилди.
Токтогул районунун Үч-Терек айылдык кеңешинин депутаты М.М. Мурзалиевдин каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Ж.А.Токтомушовага берилди.
Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаты Б.М.Мурадиловдун (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты С.И.Акимовго (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы) берилди.
Токтогул районунун Үч-Терек айылдык кеңешине талапкерлердин тизмесинен С.Ж.Топчубаев чыгарылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобону бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 26-сентябрда, өз жыйынында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобону, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө документтердин тизмегин жана формаларын бекитти.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууга каалоосун билдирген саясий партиялар КР Борбордук шайлоо комиссиясына өз талапкерлерин көрсөтүү ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт
Борбордук шайлоо комиссиясы жарандардан жана саясий партиялардан Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясый партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.
Азыркы учурда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо зарылчылыгы келип чыкты, себеби алардын резервинде саясий партиялардын өкүлдөрү жок жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жок.
Саясый партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүүчү субъектилер болуп саналат.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло албай тургандыгын белгилей кетүү керек:
- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;
- сот, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;
- талапкер, талапкердин жана саясый партиянын өкүлү;
- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;
- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;
- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- терс негиздер боюнча шайлоо комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине саясий партиялардан талапкерлерди сунуштоо алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. Саясый партиялар Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына
2025-жылдын 3-октябры саат 18-00үнө чейин тапшыруулары зарыл.
Жарандар, коомдук бирикмелер 2025-жылдын 3-октябры саат 18-00үнө чейин Бишкек шаардык кеңешке документтерин тапшыруулары зарыл. Шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо боюнча шаардык кеңештин сессиясы шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөткөн мөөнөт аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына токтоосуз өткөрүлүр берилет.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизме ги:
- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арыз жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо тууралу милдеттенме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракча же резюме);
- байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номурлары (үйдүкү, электрондук почтасы);
- көрсөткөн субъектинин протоколу;
- макулдук формасы.
Көрсөтүүчү субъектилер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү учурунда шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуулары зарыл.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын резерви тууралуу маалыматты, Борбордук шайлоо комиссиясынын “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын www.shailoo.gov.kg сайтынан таанышууга болот.
Зарыл документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протокол
Маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 66-01-16
Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын курамында ар бир саясый партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн б.а. тиешелүү АШК нын курамында турган саясый партиялар (Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынан караңыз) ал АШК нын резервине документтерди тапшырбайт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 26 - сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 26-сентябры
Убактысы: 10:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө документтердин тизмеги жана формаларын бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кемин, Токтогул жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
3. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы № 4115 жана Кочкор районундагы № 4138 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
4. Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
5. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалагынын башчысы).
Кененирээк билүү >>
Аймактарда БШК мүчөлөрүнүн жарандар менен жолугушуулары уланууда
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү аймактарда калк менен жолугушууларды улантууда.
Бүгүн, 25-сентябрда, төмөнкү аймактарда жолугушуулар өткөрүлдү:
Нурлан Койчукеев, БШКнын төрагасынын орун басары – Талас шаарында жана Талас районунда;
Абдыжапар Бекматов – Ош облусунун Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда;
Узарбек Жылкыбаев – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда;
Акбалык Жумалиева – Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары жана Базар-Коргон, Сузак райондорунда;
Кайрат Маматов – Бишкек шаарында жолугушууларды өткөрдү.
Алтынбек Кубатбеков – Нарын облусунун Ак-Талаа районунда.
Бул жолугушуулар «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү калк арасында түшүндүрүү максатында өткөрүлүүдө.
Жолугушууларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, аксакалдар, жаштар жана активдүү жарандар катышты.
Жолугушуулар эртең, 26-сентябрда да улантылат.
Кененирээк билүү >>
Шайлоого катышууга ниет билдирген саясий партиялар 3 күндүн ичинде КР БШКга жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 3 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууга каалоосун билдирген саясий партиялар КР Борбордук шайлоо комиссиясына өз талапкерлерин көрсөтүү ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш. Билдирүүдө саясий партиянын шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматы көрсөтүлүшү керек.
Билдирүүгө төмөнкү документтер тиркелет:
1. саясий партиянын каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
2. саясий партиянын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3. саясий партиянын жетекчисинин паспортунун көчүрмөсү;
4. саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тизмеси;
5. саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арыздары;
6. саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн паспортторунун көчүрмөлөрү.
Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн уставдын көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү билдирүүгө саясий партиянын жетекчиси тарабынан кол коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен тастыкталууга тийиш.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
24.09.2026
КР БШКнын делегациясы Минск шаарындагы тажрыйба алмашуу жана жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча стажировкасын жыйынтыктады
24.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Жогорку Кеңеште Борбордук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык баяндамасын жасады
24.09.2026
КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Монголияда өтүп жаткан «Саясий каржылоонун ачык-айкындыгы жана көзөмөл» аттуу эл аралык тегерек столго катышууда
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү