Башкы Жаңылыктар Саясий партиялардын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүлөрү …

Саясий партиялардын атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүлөрү жана сарпталышы жөнүндө маалымат 24 август

24-Авг, 2015

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдында түзүлгөн көзөмөлдөө – текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын  Президентин жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык саясий  партиялардын шайлоо фондунун атайын эсебинде турган каражаттардын келип түшүүлөрү жана сарпталышы  жөнүндө маалыматты 2015-жылдын 24-августуна карата билдирет.

 

№

Саясий партия

Шайлоо фондунун атайын эсебинде турган каражаттар

Шайлоо  күрөөсү   

Каражаттардын түшүшү

Сарпталышы

Калдыгы

1

 "Замандаш"

981 500,00

163 395,00

818 105,00

 

2

 "Бүтүн Кыргызстан Эмгек"

7 894 000,00

5 450 075,00

2 443 925,00

5 000 000

3

 "КСДП"

29 500 000,00

7 436 311,00

22 063 689,00

5 000 000

4

"Азаттык"

5 961 870,00

5 140 620,00

821 250,00

5 000 000

5

 "Бир Бол"

23 632 000,00

16 137 931,00

7 494 069,00

5 000 000

6

 "Республика-Ата Журт"

21 206 600,00

6 002 861,00

15 203 739,00

5 000 000

7

 "Мекен Ынтымагы"

1 631 000,00

79 741,00

1 551 259,00

 

8

 "Ар-Намыс"

5 310 100,00

5 106 000,00

204 100,00

5 000 000

9

 "Улуу Кыргызстан"

5 490 000,00

5 000 000,00

490 000,00

5 000 000

10

 "Аалам"

5 206 000,00

5 104 800,00

101 200,00

5 000 000

11

 "Ата-Мекен"

36 268 500,00

21 477 123,00

14 791 377,00

5 000 000

12

 "Кыргызстан"

800 000,00

266 350,00

533 650,00

 

13

 "Өнүгүү-Прогресс"

51 409 370,00

48 976 400,05

2 432 969,95

5 000 000

14

 "Эгемен Кыргызстан"

100 000,00

76 360,00

23 640,00

 

 

Жогорудагы  тизмеде көрсөтүлгөндөрдүн ичинен  "Замандаш", "Мекен Ынтымагы", "Кыргызстан", "Эгемен Кыргызстан" саясий партиялары шайлоо  күрөөсүн  төгүшө элек.

 

КР БШК мүчөсү,

көзөмөлдөө – текшерүү тобунун жетекчиси:                                                                                            

Баатырова Г.М.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>