Башкы Жаңылыктар Борбордук шайлоо комиссиясына 2011–жылдын 10–августунда КР Президентинин кызмат …

Борбордук шайлоо комиссиясына 2011–жылдын 10–августунда КР Президентинин кызмат ордуна 6 талапкер арыздарын беришти

10-Авг, 2011

2011-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү ниети жөнүндө Кубанычбек Исабеков, 1957-ж.т., “Нарын” Кыргыз-Германиялык ЖЧК генералдык директору; Мадияр Кулуев, 1966-ж.т, Бишкек ш. Октябрь районун ИИБ башчысы, милициянын полковниги; Жумабек Токтогазиев,  1958-ж.т.,  «Шатен» курулуш фирмасынын директору; Полотбек Кенжекулов,  1951-ж.т., убактылуу иштебейт; Сейтек Байгуттиев, 1965-ж.т., «Толубай» ЖАК АКБ директорлор Кеңешинин мүчөсү; Жусупжан Пиримбаев, 1954-ж.т., “Реформа” журналынын башкы редактору, “Манас” КТУ экономика кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты арыз беришти.  

Жалпысынан 2011–жылдын 10–августуна карата КР Президентинин кызмат ордуна 49 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен 9 – саясий партиялардан, 40 – өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Төмөндө мурда арыз берген, өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн тизмеси көрсөтүлөт:  

Марат Иманкулов, 1960-ж.т., КР улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин биринчи орун басары, КР УКМКнын Терроризимге каршы борборунун директору; Калмамат Мактымбаев, 1952-ж.т., Камбар-Ата-2 ГЭСинин мастери; Төрөбай Колубаев, 1969-ж.т, убактылуу иштебейт; Алманбет Матубраимов, 1952–ж.т., техника илимдеринин кандидаты, “Чүйэлектро” ЖЧКсынын директорунун кеңешчиси, “Кыргыз Эл Биримдиги” КУ төрагасы; Өмүрбүбү Бегалиева, 1962 –ж.т., “Нусуп аталык” коомдук фондусунун төрайымы, “Силани” ЖЧКнын директору, “Саруу” КУнун төрайымы, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, “Кыргыз эл биримдиги” КУнун мүчөсү; Жумабек Исаев, 1962-ж.т., убактылуу иштебейт; Жаныш Рустенбеков, 1946-ж.т., Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси; Муканбайжан Айманбаев, 1956–ж.т., убактылуу иштебейт; Качкынбай Кадыркулов, 1955–ж.т., “Айылдык кеңеш кызматы” коомдук фондунун координатору; Сооронбай Дыйканов, 1969 – ж.т. “Кара –Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын директору; Оомат Казакбаев, 1959 –ж.т. убактылуу иштебейт; Нышанов Назарбек, 1961 – ж.т., “Лига –Антикризис” КУ президенти, Кыргызстандын патриоттук партиясынын Генералдык катчысы; Ырыскелди Ыбышев, 1952-ж.т., “Перинур” газетасынын баш редактору, Кыргызстан коммунистеринин партиясынын мүчөсү; Виктор Виноградов, 1954 –ж.т., “KGinform. com” маалыматтык порталынын баш редактору; Акылбек Жапаров, 1964-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Ар-Намыс” саясый партиясынан депутат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы боюнча Комитетинин төрагасы, экономика илимдеринин доктору, РАЕН академиги; Жаныбек Сүйналиев, 1955–ж.т., жумушсуз; Акбаралы Айтикеев, 1958–ж.т., КМШ, Балтика жана Чыгыш Европа (МКПП) өлкөлөрүнүн, 22 (жыйырма эки) мамлекеттин (Москва шаары, Россия Федерациясы) эл аралык өнөржайчылар жана ишкерлер Конгрессинин Вице – Президенти, “Кыргыз Республикасынын өнөр –жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо Партиясы” саясий партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009 – жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер; Өмүрбек Бөлтүрүков, 1955-ж.т., “Бөлтүрүк” Дыйкан чарбасынын директору; Асида Иманалиева, 1968–ж.т., убактылуу иштебейт; Сазыкбай Турдумалиев 1954-ж.т., “Центр комплексного снабжения” ЖЧК генералдык директору, “Улутман” Республикалык партиясы” саясый партиясынын төрагасы; Алмазбек Каримов, 1972-ж.т., “ЮТС-Медиа” генералдык директору; Өмүрбек Суваналиев, 1960-ж.т., милициянын отставкадагы генерал-майору; Дамира Токтосунова, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Сайнидин Султанидинов, 1955-ж.т., Латвия Республикасынын “Маро” фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Эрнис Айтымбетов, 1964-ж.т., КР Президентинин иш Башкармалыгынын ички аудит бөлүмүнүн референти; Өмүрбек Эгембердиев, 1956-ж.т., “Инсанат” эл аралык фондунун президенти; Улугбек Бабакулов, 1971-ж.т., “МК Азия” газетасынын башкы редактору; Темиркул Өмүралиев, 1960-ж.т., убактылуу иштебейт; Болотбек Казакбаев, 1957-ж.т., КР Коргоо министрлигинин отставкадагы полковниги; Нурлан Мотуев, 1969-ж.т., “Азамат Компани” ЖЧКнын Генералдык директору; Курманбек Осмонов, 1953-ж.т., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Ата-Журт” саясый партиясынын мүчөсү; Жылдызбек Стамбаев, 1971-ж.т., убактылуу иштебейт; Тургунбек Нарикеев, 1961-ж.т., убактылуу иштебейт; Барктабас Аземкулов, 1967-ж.т., КР Аскердик сотунун судьясы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясый партиялардан төмөнкү талапкерлер көрсөтүлгөн: Өмүрбек Текебаев, 1958–ж.т., (“Ата- Мекен” партиясы), Турсунбай Бакир уулу, 1958–ж.т., (“Эркин Кыргызстан”), Замирбек Парманкулов, 1971–ж.т., (“Кыргызстандын жумушчу партиясы” ),  Бектур Асанов, 1967- ж.т. (“Эгемен Кыргызстан”), Исхак Масалиев (Кыргызстан коммунистеринин партиясы), Камчыбек Ташиев (“Ата –Журт”), Адахан Мадумаров (“Бүтүн Кыргызстан” – (“Единый Кыргызстан”), Эркин Булекбаев (“Кыргызстандын жашылдар партиясы”), Арстанбек Абдылдаев (“Эл үчүн” (“За народ”).

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 16-августунда, талапкерлерди каттоо 2011 –жылдын 25 -сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат жана ал 2011 –жылдын 29 –октябрында аяктайт. КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.

 

Кыргыз Республикасынын Борборбук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
08-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-октябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери:  Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 503-кабат, жыйындар залы          Өткөрүү убактысы:  Саат 11:00                                                                        1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу ‎” токтом долбоору жөнүндөБаяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы           5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайлаган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу                            
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>