Бүгүн, 22-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын резервдерине киргизүү үчүн талапкерлер тарабынан берилген документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун отуруму өттү.
Жумушчу топту КР БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жетектейт, курамына КР БШКнын мүчөлөрү - облустар боюнча кураторлор кирет.
Отурумда талапкерлер тарабынан берилген документтер каралып, алардын мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келүүсү талкууланды.
Жумушчу топтун ишмердүүлүгү аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин тиешелүү талаптарга жооп берген, даярдыгы жана кесиптик сапаттары бар талапкерлер менен толуктоого багытталган.





