Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.
Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.
Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.
Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.
Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда.