Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.
Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.
Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү.




