КР БШКсы кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайт

31 августа 2026

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайт!

Көз карандысыздыктын 35 жылдык тарыхында өлкөбүз ар кандай сыноолорду басып өтүп, мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, өнүгүүнүн жаңы дооруна багыт алды. Бул жетишкендиктер элибиздин ынтымагы, сабырдуулугу жана мекенчилдигинин арты менен келип отурат.

Эгемендүүлүк – элибиздин эң улуу дөөлөтү, мамлекетибиздин баа жеткис байлыгы. Өлкөбүздүн тынчтыгын, туруктуулугун жана биримдигин сактоо менен, Кыргызстандын жаркын келечегин куруу – жалпыбыздын ыйык милдетибиз.

Бүгүнкү кубанычтуу майрамда баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштериңиздерге ийгилик каалайбыз. Эгемен өлкөбүздүн асманында дайыма тынчтыктын туусу желбиреп, журтубуздун келечеги кең, элибиздин жашоосу жарык жана берекелүү болсун!

Майрамыңыздар менен!