КР БШКнын өкүлдөрү Казакстан Республикасынын Курултайынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

23 августа 2026

Бүгүн, 23-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Казакстан Республикасынын Курултайынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда.

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Байкоочулар миссиясынын курамында шайлоо процессине байкоо жүргүзүүдө.

Мындан тышкары КР БШКнын өкүлдөрү Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) эл аралык байкоочулар миссияларынын ишине катышты.

Алардын арасында КР БШКнын мүчөлөрү Бодош Мамырова жана Алмаз Айбалаев, ошондой эле КР БШК аппаратынын кызматкерлери бар.

Астана шаарындагы иш сапардын алкагында КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров менен Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдировдун эки тараптуу жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттик шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү, шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу, эл аралык байкоочулардын катышуусу, ошондой эле эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

КР БШКнын өкүлдөрү Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын чет мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын өкүлдөрү үчүн өткөргөн брифингине катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Курултайдын депутаттарын шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги өзгөчөлүктөрү, шайлоо комиссияларынын ишмердүүлүгү, шайлоо процессине байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча маалымат берилди.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрүнүн эл аралык байкоого катышуусу шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жаатында кесиптик жана практикалык тажрыйба алмашууга, Казакстан Республикасынын шайлоо практикасын үйрөнүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосундагы эл аралык жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган.

КМШнын Байкоочулар миссиясынын алкагында шайлоо процесси, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен чектеш аймактардагы Казакстандын шайлоо участкаларындагы добуш берүү процесси көзөмөлдөндү.

Бул өз кезегинде Кыргызстан менен Казакстандын шайлоо органдарынын ортосунда практикалык тажрыйба алмашууга жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө кошумча мүмкүнчүлүк түздү.

Маалымат үчүн

2026-жылдын 15-мартында Казакстан Республикасында өткөн жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы боюнча жаңы Конституция кабыл алынган. Ал 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген.

Жаңы Конституцияга ылайык, Казакстан парламенттин бир палаталуу моделине өттү. Жаңы парламент Курултай деп аталды.

Курултай 145 депутаттан турат.

Депутаттар беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Шайлоого жети саясий партия катышууда.

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн 10 423 шайлоо участогу түзүлгөн.

Шайлоочулардын саны 12,56 миллионго жакын адамды түзөт.

Шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн 777 эл аралык байкоочу аккредитациядан өткөн.