КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров ТМУга мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасынын жумушчу жыйынына катышты
22 августа 2026
Бүгүн, 22-августта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасынын жумушчу жыйынына катышты.
Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын борбордук шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышкан жыйындын жүрүшүндө “Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин шайлоо системалары” аттуу биргелешкен жыйнактын бет ачары болуп өттү.
Басылмада ТМУга мүчө мамлекеттердин шайлоо системаларынын өзгөчөлүктөрү, шайлоолорду уюштуруунун жана өткөрүүнүн негизги принциптери, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүүнүн жана укук колдонуу практикасынын актуалдуу багыттары камтылган.
Жыйындын алкагында дипфейктердин шайлоо процессине тийгизген таасири жана шайлоо мезгилинде анык эмес санариптик контенттин жайылышына каршы күрөшүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана шайлоо процессин заманбап санариптик коркунучтардан коргоо боюнча тажрыйба жана практикалар менен алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.
Катышуучулар ТМУга мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын шайлоо процесстерин өркүндөтүү, заманбап чакырыктарга туруктуулугун жогорулатуу максатында мындан ары да кызматташуунун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.





