Араван жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

19 августа 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Араван жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.

Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Алибекова Феруза Кадыралиевна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Сайибжанов Талибжон (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.

Айтматов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Асанбеков Куватбек Асанбекович (“Замандаш” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Торобекова Наргиза Медетбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.