Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартиби жана шайлоочуларды маалымдоо боюнча Жумушчу топ жөнүндө Жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди

19 августа 2026

Бүгүн, 19-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жана “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө” токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилди.

Киргизилген өзгөртүүлөр шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салууга, ошондой эле шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун ишмердигин тактоого багытталган.

Өзгөртүүлөрдүн бири катары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилинде шайлоочулар арасында акысыз таратууга уруксат берилген үгүт материалдарынын жана товарларынын тизмеси такталды. Ага талапкердин сүрөтү жана/же аты-жөнү же саясий партиянын символикасы түшүрүлгөн басма материалдар, экосумкалар, төш белгилер, футболкалар, жилеттер, баш кийимдер, моюн орогучтар, желектер, аба шарлары, калемдер, карандаштар, кружкалар жана блокноттор киргизилди. Мындан тышкары, үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынган объекттердин тизмеси такталып, алардын катарына кире бериш аркалар (стелалар) да киргизилди.

Дагы бир өзгөртүү менен Жумушчу топтун айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби такталды. Атап айтканда, Жумушчу топтун курамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү Жумушчу топтун жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылары бекитилди, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү тартиби каралды.