КР БШКнын 2026-жылдын 5-августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

04 августа 2026

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 5-августу

Убактысы: 14:00

Өткөрүлүүчү жери: Жыйындар залы

 

1. “Бишкек, Өзгөн, Араван, Кара-Суу, Ала-Бука, Баткен, Кадамжай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору

(баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)

2. “Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун
Т. Балтагулов айыл аймагындагы № 2277 шайлоо участогунун жайгашкан дарегин өзгөртүү жөнүндө” токтом долбоору

(баяндамачы – Алмазбеков Э.А., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы)

3. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлүнүн ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору

(баяндамачы – Берюев Н.Н., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)

4. “Майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору

(баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)