Башкы Жаңылыктар Бишкекте «Шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу: айрым категориядагы жарандардын жана …

Бишкекте «Шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу: айрым категориядагы жарандардын жана майыптыгы бар жарандардын шайлоо процесстерине катышуусу» аттуу онлайн тренингдер өттү

24-Июл, 2026

22–23-июль күндөрү Бишкек шаарында «Шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу: айрым категориядагы жарандардын жана майыптыгы бар жарандардын шайлоо процесстерине катышуусу» темасында онлайн форматта тренингдер өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Майыптыгы бар жарандардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобу тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.

Тренингдин максаты - бардык категориядагы жарандардын шайлоо процессине тең укуктуу жана тоскоолдуксуз катышуусун камсыз кылуу боюнча катышуучулардын кесиптик билимин жана компетенцияларын жогорулатуу, ошондой эле инклюзивдүү шайлоолорду уюштуруунун практикалык ыкмаларын өркүндөтүү болуп саналат.

Онлайн окутууга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ведомстволук мекемелеринин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 100дөн ашуун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын БШКнын Шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы Эламан Алмазбеков айрым категориядагы жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда жана бекемдөөдө БШКнын ролу, жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору тууралуу маалымат берди.

Онлайн тренингдин баяндамачылары катары жумушчу топтун эксперттери Чолпон Омурканова жана Мирлан Медетов катышты.

Тренингдин алкагында төмөнкү актуалдуу маселелер каралып, талкууланды:
• айрым категориядагы шайлоочулар жана майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарынын картасын түзүүдөгү санариптештирүү;
• натыйжалуу өнөктөштүк жана шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн ишке ашыруудагы өз ара аракеттенүүдө пайда болгон тоскоолдуктар.

Катышуучулар пикир алмашып, практикалык тажрыйба жана сунуштары менен бөлүшүп, бардык категориядагы жарандар үчүн шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу механизмдерин мындан ары өркүндөтүүгө багытталган сунуштарын билдиришти.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Урматтуу  кыргызстандыктар!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!Элибиздин байыркы маданияты, каада-салты, үрп-адаты, руханий мурастары жана улуу дөөлөттөрү тамыры терең улут экендигибизди айгинелеп турат. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” – деп, айкөл Манас атабыз элди ынтымакка, биримдикке үндөп, бир туунун алдында жашоого чакырган.Эркин эл катары калыптануу, мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендикке жетүү илгертен ата-бабаларыбыздын изги тилеги болгон. Ошол улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн далай оор сыноолорду башынан өткөрүп, көз карандысыздык үчүн өмүрүн арнашкан.Бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз, эгемен мамлекетибиз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган баа жеткис мурасы.Ошондуктан, алардын осуятын жана мурасын аздектеп, эгемендүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо, аны келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Өлкөбүздө тынчтык, жергебизде ынтымак, мекенибиздин келечеги кең болсун.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!Журналисттердин эмгеги демократиялык принциптерди бекемдөөдө, сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, коомдук пикирди калыптандырууда жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууда зор эмгек жумшап келесиздер. Айрыкча шайлоо процесстеринде жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, шайлоочуларга объективдүү маалымат жеткирүү жана шайлоо институттарына болгон коомдук ишенимди бекемдөө багытындагы кызматташтыгыңыздар өзгөчө мааниге ээ.Жаңы дем, бийик максаттар менен эмгектенип жаткан жумушуңуздар ар дайым ийгиликтер менен коштолсун.  Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. Элдин ишенимине татыган ак ниет эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомубуздун биримдигине жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине мындан ары да татыктуу салым кошо бериңиздер!
Кененирээк билүү >>
Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
06-Ноя, 2026

Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 6-ноябрда, Масалиев Исхак Абсаматович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>