КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунда Беларусь Республикасынын БШК өкүлдөрүнүн катышуусу менен онлайн-семинар өттү
23 июля 2026
Бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын өкүлдөрү менен онлайн форматта жумушчу жолугушуу өткөрдү. Иш-чара шайлоону уюштурууну окутуу жана шайлоочуларды, ошондой эле жаштарды укуктук жактан агартуу боюнча Беларусь Республикасынын тажрыйбасын изилдөөгө арналды.
Жолугушуу 2026-жылдын 28-мартында Минск шаарында эки өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссияларынын ортосунда кол коюлган кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында уюштурулду. Иш-чара ачык диалог форматында өтүп, катышуучуларга шайлоо процессинин негизги багыттарын кеңири талкуулоого жана мыкты тажрыйбалар менен алмашууга мүмкүнчүлүк берди.
Беларусь тарап жарандарды маалымдоонун комплекстүү системасы менен тааныштырды. Анын ичинде бирдиктүү маалымат берүү күндөрү, жетекчилердин эмгек жамааттары жана студенттер менен көчмө жолугушуулары, ошондой эле келечектеги шайлоочулар клубдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
Өзгөчө билим берүү мекемелеринде иш алып барган келечектеги шайлоочулардын клубдарына көңүл бурулду. Бул клубдардын негизги максаты - мыйзамдар тууралуу маалымат берүү менен гана чектелбестен, жаштардын жарандык аң-сезимин жана жарандык жоопкерчилигин эрте калыптандыруу болуп саналат.
КР БШКсы жаштар менен иштөө боюнча Беларусь Республикасынын тажрыйбасын мындан ары да изилдөөгө жана аны өлкөбүздүн шарттарына ылайык колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуусун билдирди. Алынган тажрыйба Кыргызстандагы жаштардын шайлоого катышуу жигердүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чараларды ишке ашырууда пайдаланылат.
Шайлоону уюштуруучуларды окутуу, калкты маалымдоо жана жаштарга багытталган билим берүү программаларын камтыган бул системалуу тажрыйба эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана өз ара тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
