КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

14 июля 2026

Бүгүн, 14-июлда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

• Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Гульнара Махмуджановнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдукаимов Анварбек Абдукаимовичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

• Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Жумагулов Нурбек Жумагуловичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ормонов Бектурсун Анарбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

• Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Джолдошева Чолпон Алмазовнанын (“Адилет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Адылбекова Айжан Памировнага (“Адилет” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
• Түп районунун Каркыра айылдык кеңешинин депутаты Сралиева Шаршекан Мусаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Өмүрбек уулу Исламга өткөрүлүп берилди.