Башкы Жаңылыктар Бишкекте жарандык катышуу жана шайлоо процесстери боюнча жаш …

Бишкекте жарандык катышуу жана шайлоо процесстери боюнча жаш тренерлерди даярдоо жыйынтыкталды

14-Июл, 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйындар залында жаш тренерлерди даярдоо программасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Программа Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ), “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук фондунун жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун колдоосу менен уюштурулду. Иш-чара жарандык катышууну, шайлоо маданиятын жана мамлекет менен өз ара аракеттенүүнүн санариптик формаларын жайылтуу боюнча билимге, көндүмдөргө жана практикалык инструменттерге ээ болгон жаш тренерлердин тармагын түзүүгө багытталды.

Тренингдин катышуучулары - бул өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштар жана алар шайлоо мыйзамдарындагы негизги өзгөрүүлөрдү өздөштүрүштү.
Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору А. Бейшембаева мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча окуу модулдарын өткөрдү.

Анда “техникалык талапкерлерге” каршы чаралар, талапкерлерге коюлуучу талаптарды күчөтүү, “шайлоо дареги” түшүнүгүн жоюу жана шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жаңы тартиби кеңири түшүндүрүлдү.

Ошондой эле аралыктан добуш берүү, булуттуу электрондук кол тамганы колдонуу, шайлоо фонддорун түзүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартиби боюнча практикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар фасилитация учурунда жаралышы мүмкүн болгон татаал кырдаалдарды башкаруу боюнча практикалык даярдыктан өтүштү.

Ошондой эле алар өз курдаштарын шайлоого катышуунун маанилүүлүгүнө ынандыруу, саясий процесстерге байланышкан татаал суроолорго жооп берүү ыкмаларын талкуулашты.

Программа катышуучулардын алган билим деңгээлин баалоо үчүн жыйынтыктоочу тестирлөө жана анын жыйынтыктарын талдоо менен аяктады.

Бул тренинг Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жарандардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча жүргүзүп жаткан системалуу ишинин уландысы болуп саналат.

Мындан тышкары. Кыргызстанда демократиялык институттарды чыңдоо жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыктын алкагында коюлган милдеттерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Урматтуу  кыргызстандыктар!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!Элибиздин байыркы маданияты, каада-салты, үрп-адаты, руханий мурастары жана улуу дөөлөттөрү тамыры терең улут экендигибизди айгинелеп турат. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” – деп, айкөл Манас атабыз элди ынтымакка, биримдикке үндөп, бир туунун алдында жашоого чакырган.Эркин эл катары калыптануу, мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендикке жетүү илгертен ата-бабаларыбыздын изги тилеги болгон. Ошол улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн далай оор сыноолорду башынан өткөрүп, көз карандысыздык үчүн өмүрүн арнашкан.Бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз, эгемен мамлекетибиз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган баа жеткис мурасы.Ошондуктан, алардын осуятын жана мурасын аздектеп, эгемендүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо, аны келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Өлкөбүздө тынчтык, жергебизде ынтымак, мекенибиздин келечеги кең болсун.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!Журналисттердин эмгеги демократиялык принциптерди бекемдөөдө, сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, коомдук пикирди калыптандырууда жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууда зор эмгек жумшап келесиздер. Айрыкча шайлоо процесстеринде жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, шайлоочуларга объективдүү маалымат жеткирүү жана шайлоо институттарына болгон коомдук ишенимди бекемдөө багытындагы кызматташтыгыңыздар өзгөчө мааниге ээ.Жаңы дем, бийик максаттар менен эмгектенип жаткан жумушуңуздар ар дайым ийгиликтер менен коштолсун.  Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. Элдин ишенимине татыган ак ниет эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомубуздун биримдигине жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине мындан ары да татыктуу салым кошо бериңиздер!
Кененирээк билүү >>
Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
06-Ноя, 2026

Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 6-ноябрда, Масалиев Исхак Абсаматович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>