Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

09 июля 2026

Бүгүн, 9-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Бердиев Авазбек Турабаевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) чыгарылып, ордуна резервден Тагаев Женешбек Рыскулович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) комиссиянын курамына киргизилди.