КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын жетекчилери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү

01 июля 2026

Бүгүн, 1-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз диаспораларынын, мекендештердин коомдук бирикмелеринин жетекчилери жана активисттери менен онлайн-жолугушуу өткөрдү.

Иш-чарага дүйнөнүн 22 өлкөсүндөгү кыргыз диаспораларынын жана коомдук бирикмелеринин 70тен ашуун өкүлү катышты.

Жолугушууда шайлоочулардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров мамлекет чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттарды түзгөнүн, анын ичинде аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралганын белгиледи. Ошол эле учурда өткөн шайлоолордо бир катар чет өлкөлөрдөгү шаарларда шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн болгонун айтты. Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо участогу ачылганына карабастан, добуш берүүгө болгону 26 миңге жакын жаран катышкан. Ал эми консулдук каттоодо 166 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жараны турат.

Т. Шайназаров диаспоралардын жетекчилерин чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө, ар бир жарандын шайлоого катышуусунун маанилүүлүгүн кеңири түшүндүрүүгө чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар чет өлкөлөрдө добуш берүүнү уюштуруу, дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен өз ара кызматташуу, жарандарды шайлоого катышуунун тартиби тууралуу маалымдоо маселелерин талкуулап, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын шайлоо активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштар менен пикир алышты.