КР БШКда жаштар үчүн санариптештирүү жана инклюзия маселелери боюнча маалыматтык-агартуу иш-чарасы өттү
30 июня 2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында студенттер үчүн маалыматтык-агартуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чараны Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) “Эгль” коомдук фонду менен биргеликте уюштурду.
Жолугушуунун негизги темасы - жаштардын шайлоо жана укуктук маданиятын жогорулатуу маселеси.
Бүгүнкү күндө жаштар жалпы шайлоочулардын 42%дан ашыгын түзгөндүктөн, алардын шайлоо процессине аң-сезимдүү жана жигердүү катышуусу өзгөчө мааниге ээ.
ЖБББнын эксперттери студенттерди добуш берүүнүн заманбап формалары менен тааныштырышты.
Катышуучуларга аралыктан добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү, анын артыкчылыктары жана электрондук добуш берүүдөн айырмачылыктары түшүндүрүлдү.
КР БШКнын эл аралык бөлүмүнүн өкүлү чет өлкөлөрдө шайлоону уюштуруу тажрыйбасы, чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга мамлекеттик “Түндүк” порталы аркылуу жеткиликтүү болгон “Шайлоочунун кабинети” сервиси тааныштырылды.
Студенттерге шайлоочулардын тизмесиндеги өз маалыматтарын текшерүү, шайлоо участогун аныктоо жана шайлоого байланыштуу актуалдуу маалыматтарды онлайн режиминде алуу мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, жолугушууда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселеси талкууланды.
БШК өкүлдөрү шайлоо участокторунда пандустарды, тактилдик көрсөткүчтөрдү орнотуу жана атайын жабдууларды колдонуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти.
Жолугушуунун соңунда студенттер жаштардын шайлоо жана укуктук маданиятын жогорулатууга салым кошууга даяр экендиктерин белгилешти.










