Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда калкты окутуу улантылууда

30 июня 2026

2026-жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейинки мезгилде “Кыргыз жараны” баалуулуктарын жайылтуу жана санариптик сабаттуулукту жогорулатууга багытталган семинарларга Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 1200дөн ашуун жаран катышты.

Июнь айынын жыйынтыгы боюнча эң жогорку көрсөткүчтөрдү төмөнкү аймактар көрсөттү:

Жалал-Абад облусу: Кара-Көл жана Токтогул шаарлары, Сузак району;

Ош облусу: Ош шаары жана Араван району;

Ысык-Көл облусу: Түп жана Ак-Суу райондору;

Талас облусу: Талас шаары жана Манас районундагы “Улукман” жатак мектеби;

Чүй облусу: Жайыл району.

Бул семинарлар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактардагы атайын өкүлдөрүнүн активдүү көмөгү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуунун аркасында ишке ашырылды.

Билим берүү иш-чараларынын масштабы акырындык менен кеңейтилип, семинарлар уланууда. Бул жарандарга санариптик сабаттуулук боюнча заманбап билимдерди кеңири алууга шарт түзүп, “Кыргыз жараны” баалуулуктарынын негизинде жарандык иденттүүлүктү бекемдөөгө өбөлгө болот.