КР БШК төрагасынын орун басары Р. Жакышов атайын өкүлдөр менен онлайн жыйын өткөрдү

15 июня 2026

Бүгүн, 15-июнда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышовдун катышуусунда БШКнын атайын өкүлдөрү менен онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө атайын өкүлдөрдүн жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана учурдагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара байланыштарды күчөтүү, шайлоочулардын жарандык активдүүлүгүн арттыруу жана шайлоо процессине болгон ишенимди жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Русланбек Жакышов атайын өкүлдөрдүн ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, аймактарда жүргүзүлүп жаткан маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин сапатын жогорулатуу, жарандардын кайрылууларына өз убагында жооп берүү жана шайлоо мыйзамдарын түшүндүрүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.