Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эскертет: алдамчылардан сак болгула!
11 июня 2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мессенджерлерди жана социалдык тармактарды колдонуу аркылуу алдамчылык жол менен акча каражаттарын алуу фактылары катталып жатканын маалымдайт.
Кылмышкерлер жасалма аккаунттарды түзүп, КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун сүрөтүн колдонуп, анын атынан жарандарга акча которуу тууралуу билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы мындай кайрылуулар КР БШКнын жана анын төрагасынын ишмердүүлүгүнө тиешеси жоктугун, алдамчылык экенин расмий билдирүүдө.
Биз жарандарды сак болууга, белгисиз адамдардан келген билдирүүлөргө ишенбөөгө, ошондой эле тез арада укук коргоо органдарына кайрылууга чакырабыз.

