«Кызмат» мамлекеттик мекемеси менен Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту
05 июня 2026
Бүгүн, 5-июнда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Меморандумдун негизги максаты — шайлоо процесстерин санариптештирүү боюнча кызматташууну өнүктүрүү, жарандардын санариптик жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү процессине заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири киргизүү болуп саналат.
Кызматташуунун алкагында тараптар шайлоо процессинин катышуучулары үчүн билим берүү жана маалыматтык иш-чараларды өткөрүүгө, инновациялык чечимдерди жайылтууга жана шайлоо тутумунун ачыктыгын камсыздоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Тараптар алдыдагы кызматташтык өлкөдө демократиялык процесстерди өнүктүрүүгө жана заманбап санариптик технологияларды натыйжалуу колдонууга олуттуу салым кошоруна ишеним билдиришти.







