КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Кыргыз Республикасы боюнча ЕКПАнын баяндамачысы Мариэтта Караманли менен жолугушту

05 июня 2026

Бүгүн, 5-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) депутаты, Кыргыз Республикасы боюнча баяндамачысы Мариэтта Караманли менен жолугушту.

Жолугушууга ошондой эле ЕКПАнын Саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин катчысы Евген Шоенфиелд, Кыргыз Республикасынын Француз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Руслан Бекболотов, КР БШКсынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктары, шайлоо системасын өнүктүрүү, шайлоо процесстеринин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, гендердик өкүлчүлүк, ошондой эле жарандардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Мариэтта Караманли эл аралык байкоо миссияларынын отчетторунда белгиленген шайлоолордун техникалык камсыздалышына берилген оң бааларды белгилеп, өлкөдө шайлоо технологияларын мындан ары өнүктүрүүгө кызыгуусун билдирди.

Суроолорго жооп берип, Тынчтык Шайназаров 2025-жылдагы парламенттик шайлоого 58 мамлекеттен келген 800гө жакын эл аралык байкоочу көз салганын маалымдады. Ал Кыргыз Республикасы шайлоо процессинин ачыктыгы жана айкындуулугу принциптерин туруктуу карманып келерин, ошондой эле эл аралык байкоочулардын ишмердүүлүгү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Тынчтык Шайназаров аралыктан добуш берүү үчүн колдонулуучу жабдуулардын иштөө тартибин көрсөтүп, анын техникалык өзгөчөлүктөрү жана колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.