КР БШК мүчөсү У. Жылкыбаев КР ЖК Төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин катышуучулары үчүн «Жаш кадрлар мектеби» долбоорунун алкагында лекция өткөрдү
02 июня 2026
Бүгүн, 2-июнда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин катышуучулары үчүн лекция өткөрдү. Иш-чара «Жаш кадрлар мектеби» долбоорунун алкагында уюштурулду.
Жолугушуунун башында Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун эксперттери катышуучуларга кириш тестин сунуштап, жаш активисттердин шайлоо укугу жана шайлоо процесстери боюнча баштапкы билим деңгээлин баалашты.
Андан соң Узарбек Жылкыбаев лекция окуп, шайлоо мыйзамдарынын негизги жоболорун, шайлоо комиссияларынын ишинин принциптерин жана шайлоонун ачыктыгын камсыз кылуу механизмдерин кеңири түшүндүрүп берди. Жаштардын шайлоо процесстерине активдүү жана аң-сезимдүү катышуусунун маанисине өзгөчө көңүл бурулду.
Лекциянын соңунда катышуучулар жыйынтыктоочу тесттен өтүштү. Натыйжаларды салыштырмалуу талдоо жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрдүн баштапкы көрсөткүчтөргө караганда кыйла жогору болгонун көрсөттү. Бул өткөрүлгөн сабактын натыйжалуулугун жана материалдын жакшы өздөштүрүлгөнүн айгинелейт.
Жаштар кеңешинин катышуучулары жолугушуунун практикалык пайдасын белгилеп, кызыктырган суроолоруна жооп алышты жана алган билимдерин коомдук ишмердүүлүгүндө колдонууга даяр экендиктерин билдиришти.
Маалымат үчүн
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Жаштар кеңеши 2026-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбековдун демилгеси менен түзүлгөн. Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев кол койгон.
Кеңеш мыйзам чыгаруу процесстерине активдүү жаштарды тартуу, лидерлик сапаттарды өнүктүрүү жана мамлекеттик кызмат үчүн кадрдык резервди калыптандыруу максатында түзүлгөн консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат. Ошондой эле ал парламент менен жаштардын ортосундагы диалогду камсыз кылууга жана жаштардын демилгелерин мыйзам чыгаруу деңгээлинде илгерилетүүгө багытталган.

















