Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

28 мая 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-майда “Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтомун кабыл алды.
Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Арзалиев Шермамат Арзалиевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Таалайбек уулу Бекжан (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.