КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
19 мая 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 19-майдагы жыйынында Бишкек, Ысык-Көл, Кочкор, Ноокен, Аксы, Ноокат, Кара-Суу жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
- Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алымбеков Максат Джумакадыровичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду;
- Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты Кожомсанов Рамис Эдилбековичтин (“Улуу Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джигитеков Өмүрбек Жыргалбековичке (“Улуу Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Раманкулов Бактыяр Эсенгуловичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шарабидинов Бекташ Алжанбаевичке өткөрүлүп берилди;
- Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шайымкулов Абдуллажан Исмаиловичке өткөрүлүп берилди;
- Кочкор-Ата шаардык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Уметкулов Муратбек Таалайбековичке (“Эл Биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Кербен шаардык кеңешинин депутаты Кыдыралиев Манас Уларбековичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Юсупов Нурбек Мырзакановичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Ноокат районунун Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаты Раимжанова Насибахан Кадырбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жалалов Замирбек Абдиллаевичке өткөрүлүп берилди;
- Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Салимов Алтынбек Нышановичтин (“Эмгек” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Анарбай уулу Абдилайга (“Эмгек” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;
- Ноокат районунун А. Масалиев айылдык кеңешинин депутаты Миталипов Абдулхаким Миталиповичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Маматкулов Акрам Жамшидовичке өткөрүлүп берилди.





