КР БШК мүчөсү У. Жылкыбаев ТМУга мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын жыйынына катышты

30 апреля 2026

30-апрелде КР БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасынын алкагында түзүлгөн шайлоо процессине дипфейктердин таасири маселелери боюнча Жумушчу топтун биринчи жыйынына катышты.

Жумушчу топтун курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия өлкөлөрүнүн шайлоо органдарынын өкүлдөрү кирет.

Жыйында катышуучулар шайлоо процессинде дезинформацияга каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк практикада колдонулуп жаткан ыкмаларды карап чыгышты.

У. Жылкыбаев Кыргыз Республикасында шайлоо өнөктүгү учурунда маалымат мейкиндигин мониторинг кылуу жана мыйзам бузууларга чара көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Катышуучулар шайлоо тармагында дезинформацияга каршы аракеттенүү боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, ТМУга мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо органдарынын Консультативдик платформасын түзүү демилгесин Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев көтөргөн.

2024-жылдын 6-ноябрында кол коюлган ТМУ мамлекет башчыларынын XI саммитинин Бишкек декларациясына ылайык, аталган Консультативдик платформа түрк мамлекеттеринин шайлоо органдарынын ортосунда туруктуу консультацияларды өткөрүү жана кызматташууну өнүктүрүү максатында түзүлгөн.

2025-жылдын 28-ноябрында Бишкекте өткөн жумушчу жыйында шайлоо процессине дипфейктердин таасирин азайтуу боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.