КР Борбордук шайлоо комиссиясы 1-Май – Эмгек майрамы менен куттуктайт!

01 мая 2026

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 1-Май – Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү менен куттуктайт!

Бардык ийгиликтердин негизи, өнүгүүнүн башаты – бул эмгек. Эмгек майрамы ар бир жарандын мээнетин даңазалаган, биримдикти жана тилектештикти бекемдеген өзгөчө күн.

“Эр эмгегин жер жебейт”, “Эмгегиң катуу болсо, жегениң таттуу болот”, деген накыл кептер адал жашоого, бакубат турмушка шыктандырып, ар бирибизге дем-күч берип, туура максат коюуга түрткү берет.

Ар кайсы кесиптин ээси болгонубузга карабай, жалпы максатыбыз – мамлекеттин келечегин бекемдөө, үй-бүлөнүн бакубат жашоосун камсыз кылуу жана ак ниет эмгек менен келечек муунга татыктуу шарт түзүү.

Жалпы эмгекчилердин тилектештигин, ынтымагын жана достугун даңазалган жазгы майрамыбыз кут болсун.

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, тынчтык, мол ийгилик жана түгөнгүс энергия каалайбыз.