КР БШКда студенттер шайлоо процессин өркүндөтүүнүн жолдорун сунушташты

29 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында “Ала-Тоо” эл аралык университетинин жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттик активдеринин катышуусунда иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө БШКнын эксперттери добуш берүүнү уюштуруунун негизги этаптарын, жарандарды кабарландыруу процессинде колдонулуучу санариптик чечимдерди жана мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө механизмдерин кеңири түшүндүрүштү. Айрыкча участкалык комиссиялардын ишинин ачыктыгы жана шайлоочулардын маалыматтарын коргоо маселелерине көңүл бурулду.

Студенттердин басымдуу суроолору шайлоо участкаларындагы иштин практикалык аспектилерине, республиканын шайлоо тутумун өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына тиешелүү болду.

Өз кезегинде жаштар билим берүү онлайн-платформалары аркылуу жаш шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатуу, университеттердин базасында биргелешкен иш-чараларды жана шайлоолорду моделдөөнү өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарды беришти.

Ал эми төраганын орун басары Айдана Жупуева студенттердин активдүүлүгүн жогору баалап, жаш аудитория – бул шайлоочулар гана эмес, ошондой эле комиссиялардын кадрдык курамын калыптандыруу үчүн резерв болорун, иш-чарада айтылган сунуштар КР БШК тарабынан кылдат талданып, ишке ашырыла турганын баса белгиледи.

Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана “Ала-Тоо” эл аралык университетинин студенттери БШКнын жетекчилигине ачыктыгы үчүн ыраазычылык билдирип, сунушталган идеяларды ишке ашыруу боюнча пилоттук долбоорлорго катышууга даяр экендигин билдиришти.