КР БШКсы айрым шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын өзгөрттү
29 апреля 2026
Бүгүн, 29-апрелде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын № 5384 шайлоо участогунун схемасы жана чек арасы төмөнкүдөй өзгөртүлдү:
- № 5384 “Атамерек” шайлоо участкасынын схемасы жана чек арасы. Дареги: Рысбаев Козубай ажы көчөсү, Б. Атишов орто мектеби. Чек арасы: Э, Нуранов, Э. Ботоев, Рысбаев Козубай ажы, Б. Байымбетов, Кут-Ордо - 1, 2, 3, 4, 5, 6, К. Турдубаев, Ош, С. Матанов, Таш-Короо, Ы. Рысбаев, Ж. Исмаилов, М. Алмаматов, Н. Айдиев. Шайлоочунун саны: 1818.
Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылында жаңы № 5618 шайлоо участогу түзүлүп, анын схемасы төмөнкүдөй бекитилди:
- № 5618 Таштак шайлоо участкасынын схемасы жана чек арасы. Дареги: Таштак айылы, К. Жороев көчөсү № 2б, Кыргыз-немец медициналык борборунун имараты. Чек арасы: А. Арзикулов, М. Кабулчаев, Каримжан ажы (Ярмат ажы), Шарап Мырза, К. Жороев көчөлөрү кирет. Шайлоочулардын саны: 664.
Жыйында Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын Таштак айылындагы жаңыдан түзүлгөн № 5618 шайлоо участогунун дареги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.
