Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды

29 декабря 2014

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги отурумунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу 2015-жылдын 16-январына дайындалды. Шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, мамлекеттик администрациясынын башчысы – Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акиминин 2015-жылдын 15-декабрындагы № 295 буйругуна ылайык, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А. Мадановдун  ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

БШК басма-сөз кызматы