Ноокен жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

29 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-апрелде “Ноокен жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.

Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Нарматов Атабек Каримжанович жана Акматалиева Зурахан Карабаевна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, резервден Юсубалиев Жумали Алымович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.

Ал эми Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык, Мойдунов Бусурманкул Пайзидинович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Жумамат кызы Зарипа киргизилди.