КР БШКда айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу талкууланды
27 апреля 2026
2026-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунун 2026–2027-жылдарга карата иш-Планын бекитүү жөнүндө жумушчу топтун жыйыны өттү.
Жыйында Жумушчу топтун жетекчиси, КР БШКнын төрагасынын орун басары Акбалык Жумалиева 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын айрым категорияларынын катышуусун камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди.
Өткөн жылы «Кыргыз Республикасынын Президенти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 14-беренесинин 5-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылы айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылууга багытталган комплекстүү иштерди жүргүздү.
А. Жумалиеванын айтымында, шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жана айрым категориядагы жарандар менен иштеген кызматкерлердин укуктук билимин жана практикалык даярдыгын күчөтүү максатында 2025-жылы Жумушчу топтун үч жыйыны өткөрүлдү.
Жумушчу топтун ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, КР Акыйкатчы институту (Омбудсмени), КР Коргоо министрлиги, КР Ички иштер министрлиги, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, КР Мамлекеттик чек ара кызматы, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын соңунда Жумушчу топтун айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча 2026-2027-жылдарга карата иш-планы бекитилди.
