БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына Н.А. Касымбековду каттоо жөнүндө токтомдорду кабыл алды

29 декабря 2014

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 26-декабрындагы ПЖ № 230 Жарлыгынын негзинде, Ниязалиева Дамира Абаскановна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына дайындалган. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы   “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланган  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А. Ниязалиеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкердин тизмесиндеги кезектеги талапкер Касымбеков Нурбек Айтыевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына каттоо боюнча тиешелүү токтом кабыл алынды.

КР БШКнын басма-сөз кызматы