1200 дөн ашуун жаран окутулду: Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору аралык жыйынтыктарды чыгарышты

16 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору (ЖСБББ) “Уңгужол” доктринасын жана 2025-2026-жылдарга санариптик сабаттуулукту жогорулатуу программасын ишке ашыруунун алкагында калкты окутуу боюнча системалуу ишин улантууда.

1-апрелден бүгүнкү күнгө чейин окутуудан өткөн жарандардын саны 1200 кишиден ашты. Семинарлар өлкөнүн бардык 7 облусун – Түптөн Самаркандекке чейин камтылган. Катышуучулар – жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, маданият жана билим берүү тармагынын кызматкерлери, студенттер, бүтүрүүчү класстардын окуучулары, айыл өкмөттөрүнүн адистери жана активдүү жарандар.

Окутуунун программасы үч негизги багытты камтыйт:

1. “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүк – этномаданий ар түрдүүлүктү сыйлоо менен бирге Кыргызстандын бирдиктүү элине таандык болуу сезимин чыңдоо жана шайлоо маданиятын жогорулатуу – ар бир үндүн баалуулугун жана шайлоо процесстерине катышуу механизмдерин түшүнүү.

2. Санариптик сабаттуулук – мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта алуу үчүн “Түндүк” порталын жана тиркемесин практикалык өздөштүрүү.

3. Өзгөчө Ош облусунун системдик администраторлорунун ишин белгилеп өтүү керек. Алар республикада калкты камтуунун эң жогорку көрсөткүчтөрүн камсыздашты. Алардын активдүү уюштуруучулук иши  жана ар бир угуучулар тобуна жекече мамилеси түштүк борбордун жана ага жакын райондордун тургундары сапаттуу окутууга толук кандуу жетишишти.

“Ош облусунун системдик администраторлору демилгени жана жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин көрсөтүштү”, – деп белгилешти Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиядан.

Алар жөн гана сабак өтпөстөн, элге санариптик көндүмдөр жана өзүнүн шайлоо укуктарын билүү чынында эле жашоону кандайча жеңилдетерин түшүндүрүшөт. Оштук кесиптештердин тажрыйбасын башка региондорго да таратуу пландаштырылууда.

Окутуу мындан ары дагы уланууда. Жакынкы семинарлардын графигин жергиликтүү Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунан тактаса болот.

Маалымкат:

Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору (ЖСБББ) калктын мамлекеттик кызматтарга электрондук түрдө жетүүсүн камсыздоо, жарандардын укуктук, санариптик жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатуу үчүн түзүлгөн. Ар бир региондо окутуу иш-чараларын уюштурууга жана өткөрүүгө БШКнын жооптуу системдик администраторлору иштешет.